Атамбаев ислам динин арабдардын маданияты менен алмаштырбоо керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековНамаз окуп жаткан мусулмандар. Архив
Намаз окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент кыргыздардын маданияты арабдардыкынан да байыркы экенин белгиледи.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыздардын маданияты арабдардыкынан да байыркы болушу мүмкүндүгүн Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатканда билдирди.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы дин кызматкерлери бирдиктүү формага ээ болушат
Ал ошондой эле ислам дини менен арабдардын маданиятын алмаштырбоону баса белгиледи.

Атамбаев Алтай цивилизациясы форумунун алкагында Ысык-Көлдө көчмөн цивилизациясынын музейи ачыларын, ал жерде кыргыз деген сөздөн башталган элдин байыркы картасынын көчүрмөсү да коюларын кошумчалады.

Ал эми картанын түп нускасы Мамлекеттик музейде сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0