Күнгө күйүп калганда эмне кылуу керек? Жети кеңеш

© AFP / TIMOTHY A. CLARYОтдыхающие на пляже
Отдыхающие на пляже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер көлгө баргандарды ачуу тийген күндүн алдында сайрандап жүрө бербөөгө чакырат

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги күнгө күйүп калганда эмне кылуу керектиги тууралуу кеңештерди берди.

Министрлик тараткан билдирүүсүндө ачуу тийген күндө көпкө чейин жүрбөө керектигин эскертет. Эгер күнгө күйүп калсаңыз анда бул кеңештерге кулак салыңыз.

Туристический сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эже, коркпоңуз, көл өзүн өзү тазалайт да... Ысык-Көлдү эпсиз булгадык
1. Сыртка чыкпоо керек

Эгер күнгө күйүп калсаңыз, сыртка чыкпай эле турганыңыз жакшы. Кум, туздалган жана хлорлонгон суу терини дүүлүктүрүп, ооруну ого бетер күчөтөт. Ошондой эле инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору.

2. Күйүп калган жерге эмне сүйкөсө болот?

Күйүп калган жерге муздак компресс жасаса болот. Ошондой эле муз койсоңуз да жакшы жыйынтык берет. Андан сырткары курамында гидрокортизон, цинк бар майлар менен синафлан менен биофлоринди колдонсо болот.

3. Косметикадан алыс болгон жакшы

Аялдар бул убакта косметика колдонбой турганы оң.

4. Суюктукту көп ичиңиз

Күндө көп жүргөндө адам суусайт жана денедеги суюктук бууланып чыгып кетет. Андыктан, суюктук менен сууну көп ичип туруу керек.

5. Кенен кийимдерди кийүү зарыл

Терини кычыштырчу кийимдерди кийбеңиз. Андан сырткары тери айыкканга чейин синтетика жана жүн кийимдерден да алыс туруңуз.

6. Ыйлакчаларга тийбеңиз

Тери күнгө күйгөндөн кийин пайда болго ыйлакчаларды жарып же сүртүп салбаңыз. Эгер ал жарылып кетсе, таза, кургак чүпүрөк таңып коюңуз.

7. Ооруну басаңдатуучу дары ичиңиз

Күнгө күйүп калгандан кийин териңиз оорубаса деле алгачкы бир саат ичинде ибупрофенден бир таблетка ичиңиз. 4-6 сааттан кийин дагы бирди ичип койсоңуз болот. Мындай аракет дененин кайра калыбына келишин тездетип, жагымсыз абалдын алдын алат.

Аптаптуу аба ырайынан кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0