Балыкчыдагы "эгиз" ымыркайлар чыры. Министрлик иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады

© AP Photo / Felipe DanaРаспространение микроцефалии в Бразилии
Распространение микроцефалии в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишти ошондой эле жергиликтүү милиция иликтеп жатат

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Балыкчыдагы төрөтканада эгиздердин бири жоголду делген маалымат боюнча өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, кош бойлуу келин эгиз баланы көтөрүп жүргөнүн аныктоо кыйын экени айтылат.

Миллионную жительницу Красноярска назвали Аней - Sputnik Кыргызстан
Апасынан таяк жеп жабыркады делген жети айлык ымыркай балдар үйүнө которулду
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун тургундары Балыкчыдагы төрөтканада ымыркайдын жоголушу боюнча милицияга арыз менен кайрылышкан. Ата-эненин айтымында, дарыгерлер эгиздер төрөлөт деп күтүп жаткан түгөйлөргө бир гана ымыркайды беришкен.

Министрликтин иликтөөсүндө аял эгиз балдарды көтөрүп жүргөнүн аныктоо мүмкүн эместигин, себеби ультра үндүү иликтөөнүн жыйынтыгы жетишсиз экени айтылат. Андыктан министрлик тараткан билдирүүдө аппараттын эскилиги жана дарыгерлердин тажрыйбасыздыгы окуянын чыгышына себеп болушу мүмкүндүгү баса белгиленген.

"Кош бойлуу кезинде ультра үндүү иликтөөгө түшкөндө тартылган сүрөттөр сакталып калбагандыктан жана врачтын кароосу учурундагы эки ачакей билдирүүлөрдөн улам аялдын эгиз балдарды же бир баланы көтөрүп жүргөнүн аныктоого мүмкүн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган иш жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын текшерүүсүндө турат жана алар окуя кандай болгонун так иликтеп чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0