Жээнбеков: жакында чек ара кызматындагы коррупциялык далилдер ачыкка чыгарылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭксплуатация модернизированного контрольно-пропускного пункта "Кен-Булун-автодорожный"
Эксплуатация модернизированного контрольно-пропускного пункта Кен-Булун-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы үмүттү актабаган чек арачыларга катуу жаза кабыл алуу керектигин эскерткен

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек арачылардын туристтерге болгон мамилесин катуу сынга алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бүгүн, 11-июлда, чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңешме өткөргөн.

"Чек арачылардын чет элдик туристтерди кабыл алуусу боюнча көптөгөн арыз-даттануулар келип түшүүдө. Азыркы учурда тилекке каршы коррупциялык иштерге болгон далилдер жетишсиз. Бирок жакында анын баары ачыкка чыгарылат", — деп Жээнбеков билдирген.

Ошондой эле ал бардык мамлекеттик органдар чек арадан өтүүдөгү шарттарды жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, үмүттү актабаган чек арачыларга катуу жазаларды кабыл алуу керектигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0