Бишкек тургуну куртка же жыланга окшобогон таң калычтуу жандык таап алды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБорбор калаада табылган узундугу 80 сантиметрге жакын курт
Борбор калаада табылган узундугу 80 сантиметрге жакын курт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургуну калаада мындай ири курттун кайдан келгенине таң калып, жергиликтүү тургундарга зыяны тийбейби деп кабатыр болууда.

БИШКЕК, 11-июл — Sputnik. Борбор калаада узундугу 80 сантиметрге жакын курт жүрөт. Бул тууралуу WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө маалымдады.

Шаар тургуну мындай ири курт калаага кайдан келгенине таң калып, жергиликтүү тургундарга зыяны тийбейби деп кабатыр болууда.

Мал дарыгери Полад Сулейманов сүрөттөгү жаныбар кескелдирик (ящерица желтопузик) экенин айтып, ал эч кимге зыян тийгизбей турганын кошумчалады.

"70-жылдары Бишкекте мындай жаныбарлар көп болчу. Кийинчерээк курулуш иштери башталып алар ар кай жерге жашынып, көбү өлүп калган. Андан коркуп кереги жок, анткени алар эч кимге зыянын тийгизбейт. Ошондой эле алар курт-кумурска эле болуп саналат", — деди адис.

Аталган жаныбар жоголуп бара жаткан жандыктардын катарына киргендиктен Украина, Казакстан өлкөлөрүндө жана Краснодар аймагында Кызыл китепке киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0