Путинге кол салуу уюштурууну даярдаган казакстандык жаран мунапыс суроодо

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путинге кол салуу уюштурууну даярдаган казакстандык Илья Пьянзин
Россия президенти Владимир Путинге кол салуу уюштурууну даярдаган казакстандык Илья Пьянзин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык Илья Пьянзан 2013-жылы 10 жылга кесилген.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путинге кол салуу уюштурууну даярдаган казакстандык Илья Пьянзин мунапыс суроодо. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Пьянзан 2013-жылы 10 жылга кесилген. Ал Владимир Путиндин жеке өзүнө кат жазып, буга чейин туура эмес ойго жетеленгендигин, учурда ал кадамы үчүн өкүнүп жатканын айткан. Мындан сырткары, ал абактан алган маянасын балдар үйүнө которгонун жазган.

Владимир Путин посетил благотворительный концерт в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Путин менен кечки тамак үчүн Орнелла Мути спектаклде ойнобой, Россияга учуп кеткен
Белгилей кетсек, Самара облусундагы №26 камактын жетекчилигине кат үстүбүздөгү жылдын май айында эле берилген.

Илья Пьянзин экинчи курсунда ислам динин кабыл алып, Адам Осмаев жана Руслан Мадаев аттуу жарандар менен таанышкан. Алар Киевде чогуу бизнес кылаарын айтышып, Ильяны катарына кошушкан. Көп өтпөй Осмаев менен Мадаевдин террорчу экени билинип, бирок Пьянзин алар тууралуу күч органдарына айткан эмес.

Өз алдынча жарылуучу затты сынап көрүү учурунда Мадаев каза болуп, Пьянзин ооруканага түшкөн. Ошол жерден казакстандык жаран колго түшүрүлүп, Россияга өткөрүлүп берилген. Ал эми Осмаев Европалык сотко адам укуктарын коргоо боюнча кайрылуу жасап, анын арты менен Россияга берилбей калган. Украинада бийлик алмашкан соң эркиндикке кое берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0