БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдүн аймагында жеңил автоунаа менен жүргүнчү ташыган бустун кагылышынан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат таратты.
Жол кырсыгы 10-июлда саат 21:00дөр чамасында болгон. Саламаттык сактоо министрлгинин ырасташынча жол кырсыктан жалпысынан 16 киши жаракат алып, алардын бирөө кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Үч кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 12 киши ооруканага жаткырылган. Алардын экөө кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизилди.