21:39 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Газ плита. Архив

Бишкектин айрым аймактарында үч күн газ болбойт. Тизме

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"
Коом
Кыскача шилтеме алуу
106 0 0

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймактарында 11-июлдан 13-июлга чейин көгүлтүр от болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.

Ошондой эле Талас облусунун Аманбаев айылында дагы 11-июлда саат 8:00дөн 17:00гө чейин газ өчүрүлөт.

Ал эми Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде 11-12-июлда газ болбойт.

11-июлдан 13-июлга чейин Төкөлдөш конушуна жаратылыш газы берилбейт.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.

Тема боюнча

Балбан-Таймаш конушунун 820 түтүнүнө газ жеткирилди
Белгилер:
газ, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы, Талас, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ