Мэрия элге Пионер жана Комсомол көлдөрүнө түшпөй турууну эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлгө түшүп жаткан баланын архивдик сүрөтү
Көлгө түшүп жаткан баланын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдөрдү тазалоо иштери бүткөндөн кийин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториялык анализдердин жыйынтыгына карата сууга түшүү мезгилинин убактысы айтылат

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы Пионер жана Комсомол көлдөрүн тазалоо иштери толук бүтмөйүнчө шаардыктарды сууга түшпөй турууну өтүндү.

Маалыматка ылайык, көлдөрдү тазалоо иштери бүткөндөн кийин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору көлдөрдүн сууларын текшерет жана лабораториялык анализдердин жыйынтыгына карата сууга түшүү убактысын белгилейт.

"Ошондон кийин гана жарандардын саламаттыгына зыян келтирип алуу кооптуулугу жаралбайт",  —  деп айтылат маалыматта.

Туристический сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эже, коркпоңуз, көл өзүн өзү тазалайт да... Ысык-Көлдү эпсиз булгадык
Пионер жана Комсомол көлдөрүнүн түбү алты гектарды түзөт. Ал эми тунманын жалпы аянты 0,7 гектар. Мэриядан "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы Кара-Жыгач токоюнда жайгашкан Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн түбүндөгү чөгүндү, тунмаларды тазалоо иштерин 15 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүп жатканын билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча сууга түшүү мезгили июль айынын орто ченинде ачылары күтүлүүдө.

Бишкектин шаарындагы бассейндер, алардын дареги жана баалары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0