Гиддин итатайын тутулткан алты көрүнүш

Жазылуу
Туризмдин өнүгүшү менен акыркы жылдары Кыргызстанда гид кесибин аркалагандардын саны арбып барат. Ага ылайык Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бул кесиптин ээлери эмнеден улам кыжырдана турганына кызыгып көрдү.

Гиддердин кызыктуу жумушунда кыжырды келтирген дагы жагдайлар болоорун эки жылдан бери чет элдик туристтер менен иштешип жүргөн гид айым айтып берди.

День прощания со школой московской выпускницы Кати Мироновой - Sputnik Кыргызстан
Ала жипти аттаганын досторуна айтсын! Чач тарачтын айласын кетирген 8 көрүнүш
1. Калп жинди болгондор. Өзүң менен тең рюкзакка палатка, уктоочу мүшөк, каремат салып алып баратканыңды көрүп туруп "Тоого барганда палаткага жатасыңарбы?" деп сурагандар кыжырыңа тиет. Эгер мунун баарын колдонбосок, жүк кылып эмнеге көтөрүп алмак элек?

2. Джентельмендер. Рюкзак көтөрүп алып суудан араң өтүп жатканыңды же дагы башка ушул сыяктуу жагдайларды ары жакта карап туруп, баары бүткөндөн кийин "Жардам керек беле?" деп сурагандар бар. "Жанатан бери эмнени карап турдуң?" деп ичиңден кобуранып кала бересиң.

3. Планды бузгусу келген туристтер. Пландалган маршрут менен кетип баратып эле ары жактан кооз жерди көрүп калса, ошол жакка бара кетели дей берген туристтер маанайды чөктүрөт. Түшүнөм, ушунча келгенден кийин болушунча көбүрөөк жер көрүүгө аракет кылышат. Бирок, планда жок жерлерге баруу биринчиден, убакытты алат. Экинчиден, айрым учурда ага атайын даярдык же уруксат талап кылынышы мүмкүн. Бул жагын дагы түшүнүш керек да.

4. Тоодон түшө элек кыргыздар. Кыргыздар ушул убакка чейин жайлоодо, боз үйдө жашап, мал баккандан башка эч нерсе билбейт деп ойлогон чет элдиктер жиниңди келтирет. "Биз тоодон түшпөй жүрсөк, сен Кыргызстанга кайсы учак менен келдиң?" деп сурай турган киши жок да.

5. Маанисиз суроолорду бере бергендер. "Тоодон ачка каласыңарбы?", "Кантип жуунасыңар?", "Чачыңды кантип кургатасың?" деген сыяктуу болор-болбос суроолорду бергендер толтура. Рюкзактын бир бурчунан тамакка орун табылат. Ысык тамак ичүү үчүн атайын чакан газ, плиталарды алып алабыз. Арык, көлмө, шаркыратмаларды көрсөк, жуунабыз. Анын эмнеси түшүнүксүз?

Портфельчен адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Юристтин көкөйүнө көк таштай тийген 7 учур
6. Этектен өйдө ойлонбогондор. Айрым адамдар кыз-келиндер талаага чыкса эле "бир окуяга" кабылат деп ойлошот. "Тоого барганда ким менен жатасың? Туристтер төшөккө сүйрөбөйбү?" деген суроону укканда итатайың тутулат. Туристтерге гиддин саламаттыгы жана жакшы маанайы биринчи орунда турат. Биринчиден, дүйнө кыдырып жүргөн адамдарга көздөгөн жерине аман жетип алуу маанилүү. Экинчиден, кайсы эле адам бөтөн өлкөдө жүрүп, көз ирмемдик дене жыргалы үчүн жергиликтүү жаранга кол салып, өз башына балээ үйгүсү келет? Этектен өйдө ойлонгонду үйрөнөлүчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0