ЖРТдан озуп чыккан Абай: президенттин жанына отурганда муунум калчылдап калды

Жазылуу
Быйыл өлкө боюнча 11-классты 62 миң окуучу аяктап, 55ине президенттин колунан алтын сертификат алуу бакыты буйруду. Алар жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 219дан 236га чейин балл алышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков тестирлөөдөн 236 балл топтоп алдыга озуп чыккан Абай Жанузаков менен келечек пландары жана ЖРТга кантип даярданганы туурасында маектешти.

— Абай, сиздин ЖРТга кантип даярданганыңыз баарыбызга кызык болуп жатат…

— Чынын айтсам атайын курстарга барган деле жокмун. Үйдө өз алдымча даярдандым. ЖРТнын сайтындагы онлайн-тесттен кайра-кайра өтүп өзүмдү сынап, кетирген каталардын үстүнөн иштеп жаттым.

— Канча убакыт даярдандыңыз?

— Жарым жылдай убакыт кетти окшойт. Даярдыкты кыш түшкөндө эле баштагам. Алтын сертификатка жетем деген максат менен жан үрөп аракет кылдым. 

© Sputnik / Сергей АладьевМектеп бүтүрүүчү Абай Жанузаков: үйдө өз алдымча даярдандым. ЖРТнын сайтындагы онлайн-тесттен кайра-кайра өтүп өзүмдү сынап, кетирген каталардын үстүнөн иштеп жаттым
Обладатель высшего балла ОРТ-2017 Абай Жанузаков - Sputnik Кыргызстан
Мектеп бүтүрүүчү Абай Жанузаков: үйдө өз алдымча даярдандым. ЖРТнын сайтындагы онлайн-тесттен кайра-кайра өтүп өзүмдү сынап, кетирген каталардын үстүнөн иштеп жаттым

— Кийинки жылы тест тапшыра турган бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

— Шарттары жөнөкөй эле болот экен. Эң башкысы мектепте жакшы окуп, түшүнүп алышың керек. Ошол темалардын баары тестте берилет. Анан албетте онлайн-тесттен өтүп, кошумча китептерди окуп даярдык көрүү керек. Мен үчүн тест тапшыруу жеңил эле өткөндөй сезилди. Эрте толтуруп коюп убакыттын бүтүшүн күтүп отурдум.

— Эң жогорку балл менен алтын сертификатка жеткениңизди укканда үйдө чоң майрам болгондур.

Ильяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
АКШдан "Гений" болуп кайткан окуучуларды мекенинде өзгөчө шаң менен тосуп алышты
— Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, башкаларга телефон чалуулар болуп жатканда тынчсызданып көңүлүм түшө баштаган. Анан эле мага да чалып калышты. Бирок жөн эле алтын сертификат берилерин айтышкан. Эң жогорку балл алганымды кийинчерээк билдим. Аны укканда кубанычымда чек жок болду. Таенем мени куттукташ үчүн атайын Оштон келип 1000 сом сүйүнчү берди. Ал эми ата-энем Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алып беришти. Бүгүн же эртең жолго чыгайын деп турам.

— Президенттин колунан алтын сертификат алуу мүмкүнчүлүгү ар кимге эле жарала бербейт. Эмгектин даамы кандай экен?

— Ал күнү баарыбызды автобус менен мамлекеттик резиденцияга алып барышты. Аябай чоң, заманбап, ичи кооз жасалгаланган бөз үйдүн ичине киргенде толкундана баштадым. Анткени былтыр алтын сертификат тапшыруу аземин видеодон көргөндө башкача болчу. Баарыбызды орундуктарга жайгаштырып, мени президенттин жанына отурасың дегенде ого бетер дүрбөлөң түшүп муунум калчылдап калды. Бир маалда президент кирип келип айтылгандай эле катарлаш орундукка отурду. Анан "азыр сүйлөп калса кантип жооп берем, эмне жөнүндө сүйлөш керек" деп ойлонгонго чейин ал трибунага чыгып кетти.

— Ошентип жекеме-жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоптурда?

— Ооба, менин жанымда аз эле убакыт отургандыктан сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок белгилеп кетким келет, ошондо президентибиздин сүйлөгөн сөзү мага аябай таасир берди. Мекенди сүйүүгө, патриот болууга дагы да шыктандырып койду.

— Мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучуну келечекте кайсы тармактан көрөбүз?

— Кыргыз-орус славян университетине тапшырып, программист адистигин тандадым. Анткени учурда техника өнүгүп ушул кесипке суроо-талап жогору болууда. Мындан сырткары, жеке бизнесимди ачуу кыялым бар.

— Азыр жаштардын көбү социалдык тармактарга байланып калбадыбы. Сиз дагы Facebook, Instagram колдоносузбу, дегеле соцтармактар окуудан алаксытат дегенге кошуласызбы?

— Окуучу сабактан артта калып ийгиликке жетпей калса күнөөнү соцтармактан эмес, өзүнөн издеши керек деген ойдомун. Себеби убакытты кандай пайдаланууну өздөрү чечкен. Өзүм социалдык тармактарды көп деле колдонбойм. Баракчаларыма жумасына бир ирет көз жүгүртүү менен чектелем. 

© Sputnik / Сергей АладьевМектеп бүтүрүүчү Абай Жанузаков: мени президенттин жанына отурасың дегенде ого бетер дүрбөлөң түшүп муунум калчылдап калды. Бир маалда президент кирип келип айтылгандай эле катарлаш орундукка отурду
Обладатель высшего балла ОРТ-2017 Абай Жанузаков - Sputnik Кыргызстан
Мектеп бүтүрүүчү Абай Жанузаков: мени президенттин жанына отурасың дегенде ого бетер дүрбөлөң түшүп муунум калчылдап калды. Бир маалда президент кирип келип айтылгандай эле катарлаш орундукка отурду

— Жеке оюңузда Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө жаштардын салымы кандай?

— Президент өлкө өсүшү үчүн анын эли да өнүгүшү керек деп жакшы сөз айтты. Мисалы Япония кен байлыктары жок болгонуна карабай, роботторду, түркүн техникаларды чыгарып өнүгүп келе жатат. Албетте Кыргызстанда мунай, газ жок бирок ак көңүл элибиз бар. Ошон үчүн биз дагы билим берүү тармагын өнүктүрүшүбүз керек деген ойдомун. Өлкөбүздүн абасы таза, улуттук суусундуктары ар бир жаранга жеткиликтүү. Аптаптуу ысыкта кетип баратып эле жолдон ичип кете бересиң. Мен барган башка мамлекеттерден мындайды жолуктура албадым.

Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду
— Маек соңунда үй-бүлөңүз тууралуу да азыноолак кеп салсаңыз?

— Мен Бишкекте туулуп өстүм. 7-класска чейин №65 мектепте билим алдым. Кийин Сапат лицейине которулгам, 9-класста кайра №61 лицейге кетип ошол жерден аяктадым. Атам Кеминден, апам Оштун кызы болот. Атам учурда ишкердик менен алектенет. Бир туугандардын эң улуусумун менден кийин бир иним, эки карындашым бар.

— Президент сүйлөп жатып студент кезинде үйлөнгөнүн айтып өттү. Сиздин дагы жакын арада үй-бүлө куруу планыңыз барбы?

— Биринчи сүйгөнүмдү таап алайынчы анан көрө жатарбыз (күлүп). Азырынча ал жөнүндө ойлоно элекмин. Үй-бүлөнү багыш үчүн да иштеген жумушуң болушу керек да.

Быйыл алтын сертификаттардын көпчүлүгүн кайсы аймактардын окуучулары илип кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0