"07.07.2017" Бүгүн баш кошкондор демейдегиден эки эсе көп болду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЦеремония массового бракосочетания 50 молодежных пар
Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нике күбөлүгүндө өзгөчө дата жазылып калуусун каалаган жубайлардын саны 81ге жетти

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкекте бүгүн катардагы күндөргө салыштырмалуу баш кошкон жубайлардын саны эки эсе көп болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статистика: түгөйүн таппай жалгыз калган КР жарандарынын саны аныкталды
Маалыматта ылайык, жума күнү 81 түгөй никеге турууга арыз берген. Мунун себеби катары "07.07.2017" өзгөчө датада үйлөнүүнү каалагандар көп болгону айтылат.

Никеге каттоо райондорунда адатта беш арыз келип түшчү, ал эми бүгүн 15 түгөй кайрылган.

Ошондой эле бакыт өргөсүндө жубайлардын 27 арызы катталган. Башка күндөрү кайрылгандарын саны 15ке чейин жетчү.

Никелешүүгө байланыштуу 7 "болбойт" тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0