Чар-жайыт ыргытылган таштанды Ысык-Көлдү желим баштыкка "ороду"

© Фото / Мидин СактановСамопроизвольная свалка мусора в поселке Тамчы
Самопроизвольная свалка мусора в поселке Тамчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамчыда чар-жайыт ыргытылган таштанды

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Facebook тармагынын колдонуучусу Мидин Сактанов өздүк баракчасына Ысык-Көлдүн айланасында чар-жайыт ыргытылган таштандылардын сүрөтүн жарыялады.

Анын айтымында, желим баштыктар, азык-түлүк калдыктары жана башка түрдүү таштандылар Тамчы айылына жакын жерде, Ысык-Көлдүн негизги жолунун 500 метр ары жагында жайылып жатат. Ал жердин айланасы тосулган эмес, эл өз алдынча таштанды таштоочу жайга айландырып алышкан.

"Шамал таштандыларды бир нече чакырым алыстыкка учуруп жатат. Кереметтүү тоолор жана касиеттүү көлүбүз желим баштык менен курулуш жана азык түлүк калдыктарына курчалып калды", — деди Сактанов.

© Фото / Мидин СактановFacebook тармагынын колдонуучусу Мидин Сактанов өздүк баракчасына Ысык-Көлдүн айланасында чар-жайыт ыргытылган таштандылардын сүрөтүн жарыялады.
Facebook тармагынын колдонуучусу Мидин Сактанов өздүк баракчасына Ысык-Көлдүн айланасында чар-жайыт ыргытылган таштандылардын сүрөтүн жарыялады. - Sputnik Кыргызстан
1/6
Facebook тармагынын колдонуучусу Мидин Сактанов өздүк баракчасына Ысык-Көлдүн айланасында чар-жайыт ыргытылган таштандылардын сүрөтүн жарыялады.
© Фото / Мидин СактановАнын айтымында, желим баштыктар, азык-түлүк калдыктары жана башка түрдүү таштандылар Тамчы айылына жакын жерде, Ысык-Көлдүн негизги жолунун 500 метр ары жагында жайылып жатат.
Анын айтымында, желим баштыктар, азык-түлүк калдыктары жана башка түрдүү таштандылар Тамчы айылына жакын жерде, Ысык-Көлдүн негизги жолунун 500 метр ары жагында жайылып жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/6
Анын айтымында, желим баштыктар, азык-түлүк калдыктары жана башка түрдүү таштандылар Тамчы айылына жакын жерде, Ысык-Көлдүн негизги жолунун 500 метр ары жагында жайылып жатат.
© Фото / Мидин СактановАл жердин айланасы тосулган эмес, эл өз алдынча таштанды таштоочу жайга айландырып алышкан.
Ал жердин айланасы тосулган эмес, эл өз алдынча таштанды таштоочу жайга айландырып алышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/6
Ал жердин айланасы тосулган эмес, эл өз алдынча таштанды таштоочу жайга айландырып алышкан.
© Фото / Мидин СактановШамал таштандыларды бир нече чакырым алыстыкка учуруп жатат.
Шамал таштандыларды бир нече чакырым алыстыкка учуруп жатат. - Sputnik Кыргызстан
4/6
Шамал таштандыларды бир нече чакырым алыстыкка учуруп жатат.
© Фото / Мидин СактановСактанов таштанды ыргытылган жайды жакында эле кичи мекенине келгенде көргөн.
Сактанов таштанды ыргытылган жайды жакында эле кичи мекенине келгенде көргөн. - Sputnik Кыргызстан
5/6
Сактанов таштанды ыргытылган жайды жакында эле кичи мекенине келгенде көргөн.
© Фото / Мидин СактановМындан улам ал буга ким жооптуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү боюджеттен бөлүнгөн каражаттар каякка кетип жатат деп суроо салган.
Мындан улам ал буга ким жооптуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү боюджеттен бөлүнгөн каражаттар каякка кетип жатат деп суроо салган. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Мындан улам ал буга ким жооптуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү боюджеттен бөлүнгөн каражаттар каякка кетип жатат деп суроо салган.
1/6
Facebook тармагынын колдонуучусу Мидин Сактанов өздүк баракчасына Ысык-Көлдүн айланасында чар-жайыт ыргытылган таштандылардын сүрөтүн жарыялады.
2/6
Анын айтымында, желим баштыктар, азык-түлүк калдыктары жана башка түрдүү таштандылар Тамчы айылына жакын жерде, Ысык-Көлдүн негизги жолунун 500 метр ары жагында жайылып жатат.
3/6
Ал жердин айланасы тосулган эмес, эл өз алдынча таштанды таштоочу жайга айландырып алышкан.
4/6
Шамал таштандыларды бир нече чакырым алыстыкка учуруп жатат.
5/6
Сактанов таштанды ыргытылган жайды жакында эле кичи мекенине келгенде көргөн.
6/6
Мындан улам ал буга ким жооптуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү боюджеттен бөлүнгөн каражаттар каякка кетип жатат деп суроо салган.

Сактанов таштанды ыргытылган жайды жакында эле кичи мекенине келгенде көргөн. Мындан улам ал буга ким жооптуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү боюджеттен бөлүнгөн каражаттар каякка кетип жатат деп суроо салган.

Ал эми Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев ал жер таштанды таштоочу жайга ылайыкталып, буга Санэпидемстанциянын уруксаты менен жер бөлүнгөнүн жана таштанды таштоого атайын аң казылганын билдирди.

"Жеке өзүм барып аралыктарын көрүп чыктым. Таштанды ташталган жай Тамчыдан 3 чакырым, көлдөн 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Таштанды таштоочу жай болуп тоо аймагында 10 жыл мурда негизделген. Тамчыга жайында 40 миңге жакын адам келет да таштандыларын калтырып кетет", — деди Иманалиев.

Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар
Аким дагы жооп катары таштанды таштоочу жайдын иретке келтирилип жаткан учурун видеого тартып өзүнүн Facebook баракчасына жүктөгөн.

"Автор таштанды көп чачылган жерлерди гана тартып алып жарыялап жиберген. Кээде болуп турат, айрымдары таштандыны аңга ыргытпай, көрүнгөн жерге таштап кетишет", — деди аким.

Соңунда ал эртеңден тарта бүт чар-жайыт ыргытылган таштандылар тазаланарын убадалап, ага Ысык-Көлдүн реабилитациялык жолунда иштеп жаткан кытай компаниясынын атайын техникасы жардамга келерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0