Чилистендерге майрам! Кыргызстанда буккроссинг башталды

© Sputnik / Алексей Фурман / Медиабанкка өтүүАкция "Книги в Парках"
Акция Книги в Парках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында белгилүү адамдар өздөрү окуган китептерди күйөрмандарына белекке берип, буккроссинг ыкмасы менен коомдук жайларда китептер калтырылат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кечээтен баштап Кыргызстандын бардык аймактарында "Китепкөйлөр кыймылы" жана "Адабий кечелер" долбоору башталгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына идеянын автору, белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Бул долбоордун алкагында белгилүү адамдар өздөрү окуган китептерди күйөрмандарына белекке берип, буккроссинг ыкмасы менен коомдук жайларда китептер калтырылат.

"Ар бирибиздин үйүбүздө бир гана жолу окулуп, ошону менен текчеде кала берген китептер бар. Аларга "экинчи жашоо" берип, окугусу келген адамга берүү идеясы баарына эле келе бербейт. Бирок муну түшүнгөн адамдар менин идеямды кубануу менен колдоп жатышат. Мен муну менен миңдеген кыргызстандыктарды китепти сүйүүгө чакырам. Мындан тышкары, ай сайын адабий кечелерди өткөрүп, окуган китептерибиз тууралуу ой бөлүшөбүз", — деди Молдокматова.

Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп - Sputnik Кыргызстан
Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп
Алып баруучунун айтымында, ал Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" аттуу китебин коомдук жайга ушул ишемби күнү калтырат.

Буккроссинг — хобби, коомдук кыймыл. Мында адам өзү окуп бүткөн китепти кафе, сейил бак, театр сыяктуу коомдук жайларга таштап коет. Аны таап алып окуган адам өзү дагы дал ошол ыкманы кайталайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0