Таза суу жок жаңы конуштарга мэрия унаа менен суу ташып жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда таза суу Селекция айылында, "Ак-Ордонун" бир бөлүгүндө жана "Арча-Бешик" жаңы конушунун Шералиев, Күйүкова, Бах, Масалиев, Садырбаев, Баба-Ата, Он-Арча, Миңкуш жана Бакаев көчөлөрүндө жок.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы муктаж болгон жаңы конуштарга унаа менен ичүүчү суу ташып берип жаткандыгын муниципалитетин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкек суу каналы" ишканасынын билдиргенине караганда, шаар ичиндеги бардык аймактарда ичүүчү суу жетиштүү көлөмдө бар болгону менен борбордун түштүк-батыш аймагындагы жаңы конуштарга таза суу көйгөйү курч.

"Учурда таза суу Селекция айылында, "Ак-Ордонун" бир бөлүгүндө жана "Арча-Бешик" жаңы конушунун Шералиев, Күйүкова, Бах, Масалиев, Садырбаев, Баба-Ата, Он-Арча, Миңкуш жана Бакаев көчөлөрүндө жок. Буга байланыштуу ал жерлерге "Бишкексууканалынын" төрт, "Тазалык" ишканасынын эки атайын унаасы менен суу жеткирилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле "Ак-Бата" жана "Ак-Жар" жаңы конушунда таза суу маал-маалы менен берилип жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0