Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду

© Фото / пресс-служба Посольства Кыргызстана в РоссииРоссиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду.
Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөрдүн төртөө жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Нигериялык тамада Акило Эджикеме Паскаль маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин үйрөнүп, тойлордун көркүн ачкан нигериялык жигиттин тарыхы
Билдирүүгө ылайык, 5-июлда Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин "Чет элдик аймак таануу" факультетинин "Кыргыз тили" адистигин Россиянын жарандары ийгиликтүү аяктады.

Аталган адистикке ээ болгон сегиз студенттин төртөө окууну артыкчылык диплому менен бүтүрдү.

Бул аракеттер Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташуусунун алкагында ишке ашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0