Ош шаарында заманбап кинотеатр ачылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота кинотеатра "Люксор" в Москве
Работа кинотеатра Люксор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имаратты оңдоого алты ай кетип, 54 миллион сом инвестиция тартылган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ош шаарында 3D форматындагы жаңы кинотеатр ачылды. Бул тууралуу кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Анын ачылышына Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков баштаган атка минерлер катышты.

"Ош шаарына эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарды өткөрүүгө аянтча пайда болду деп ишенимдүү айтууга болот. Себеби, жаңы кинотеатр эл аралык стандарттарга туура келет. Кинотеатрда 4 кинозал бар, ага 524 көрүүчү батат", — деп айтылат маалыматта.

Кинематография департаменти 2016-жылы декабрда Түштүк Кореялык "Кино Форум" ЖЧКсы менен "Семетей" кинотеатрынын имаратын 10 жылга ижарага алуу боюнча келишим түзгөн.

Имаратты оңдоого алты ай кетип, 54 миллион сом инвестиция тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0