Бишкек менен Москванын мэрлери кызматташуу программасына кол койду

Жазылуу
Калаа башчылары Москвада өткөн форумдун алкагында жолугушкан

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен Москванын башчысы Сергей Собянин жолугуп ар тараптуу кызматташуу боюнча программага кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Бишкек мэриясы сейил бактарды иретке келтирүү үчүн атайын техника сатып алды - Sputnik Кыргызстан
Мэрия жаңы техника сатып алды! Сейил бактар тазарып, жашылданат
Маалыматка ылайык, 5-июлда Москвада Ибраимов менен Собянин шаарларды өнүктүрүү боюнча өткөн форумдун алкагында жолугушту. 

Анда алар 2018-2020-жылдар аралыгында Бишкек мэриясы менен Москва өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-теxникалык жана маданий кызматташууну ишке ашыруу боюнча программага кол коюшту.

Ошондой эле калаа башчылары "Акылдуу шаар" долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0