"Пара албаган" Кайгуул милициясы Бишкек — Ош жолуна коюлду

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВДМакет сотрудника патрульной милиции на автотрассе Бишкек — Ош
Макет сотрудника патрульной милиции на автотрассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картондон жасалган милиционер айдоочулардын ылдамдыкты азайтуусу үчүн коюлду

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолуна кызматта турган Кайгуул милициясынын макети коюлганын ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Колуна радар кармаган милиционердин макети аталган жолдун 143-чакырымына коюлган. Мындан ары жол кырсыгы көп катталган жерлерге дагы коюу пландалууда.

Былтыр сентябрь айында Ысык-Көлдө дагы кайгуул милициясынын макети коюлган. Мындай кадам айдоочулардын ылдамдыкты азайтуусу үчүн жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0