Ошто ажыга барчулар атайын окуудан өтө башташты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники во время хаджа в Саудовской Аравии
Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш-аракеттер зыярат кылууда кемчиликтерди кетирбөөгө жана сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Аравандын борбордук мечитинде ажылык сапарга барчуларды жана ажы башчыларды окутуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук казыяты билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: ажылыкка аттанчулар Сауд Аравиянын мыйзамдарын үйрөнүүдө
Аталган окуу семинарында муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов менен облустук казыяттын орун басары Нурбек кары Орунбаев зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, эрежеси менен кийинүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелерин үйрөтүүдө.

Бул иш-аракеттер зыярат кылууда кемчиликтерди кетирбөөгө жана сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи.

Мындай окуу семинарлары Ош облусунун башка райондорунда да уюштурулуп, ажы башчылар да өз алдынча кошумча сабактарды өткөрүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0