Атамбаевдин бүтүрүүчүлөргө айткан насааты: тагдырга баш ийбегиле

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение "золотых" сертификатов лучшим выпускникам школ КР
Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы мектеп уясынан учкан өспүрүмдөр менен жолугуп жатып туугандары жана жакын достору сатып кеткен учурларды эскерди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификат" тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн балалыгы тууралуу айтып берди.

Өлкө башчысы башынан өткөн нерселер тууралуу баяндап, туугандары жана жакын достору сатып кеткен учурларды эскерди.

"Эч качан мүңкүрөп калбагыла, тагдырга баш ийбегиле. Ар дайым ачык жана чынчыл болгула. Адам каталарды сараңдыгынан эмес, жокчулуктун айынан кетирет", — деди Атамбаев.

Анын айтымында, "тагдырга каршы" — бул анын жаш кездеги урааны болгон. "Судьбе назло" аттуу чыгармасы дагы 18-19 жашында ушундан улам жазылган.

Бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кыргызстандын душмандары ким экенин айтты
Ошондой эле президент учурда күч алып турган диний радикалимздин, диний чала сабаттуулуктун жолуна түшпөө зарылдыгы тууралуу сөз кылды.

"Мен намаз окуган, бирок айрым нерселерди түшүнбөгөн депутат, жетекчилерди көрдүм. Мухаммед пайгамбар илим менен бир саат алектенүү түнү бою кудайга жалынганга барабар деп айткан", — деди президент.

Атамбаев сөзүнүн аягында кыргыздар байыркы элдердин бири экенин айтып, өз маданиятыбызды, каада-салтыбызды жана кийим-кечебизди сактап калуу жаш муундун милдети экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0