"Ата, коопсуздук курун тагын!". Өлкөдө жол кырсыгын азайтуу үчүн акция башталды

Жазылуу
Акциянын максаты — жол кырсыктарына жарандардын көңүлүн буруу

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мобилдик тиркемелерди иштеп чыккан KeyDrver компаниясы "Ата, коопсуздук курун тагын!" акциясын баштады.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери жол кырсыгынан 270 адам көз жумган.

"Коопсуздук куру унаада бара жаткандардын амандыгын сактап калууга өтө чоң жардам берет. Тилекке каршы, көпчүлүгү бул нерсеге маани бербей, курду тагынышпайт. Эгерде 100 жол кырсыгы болсо, 75 учурда кур оор жаракаттан сактап калат", — деп жазылат маалыматта.

Акциянын максаты — жол кырсыктарына жарандардын көңүлүн буруу. Анын алкагында социалдык роликтер тартылып, коопсуздук курун тагынууга чакырган баракчалар таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0