Жаңы бышкан жашылча-жемиштерди кайдан сатып алса болот. Карта

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде
Сельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода жайлар Ленин районунун аймагында жайгашып, жергиликтүү аймактык башкармаларга бөлүнгөн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин районунда жаңы бышкан жашылча-жемиштердин жарманкеси башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Андан жаңы бышкан жашылча-жемиштердин түрлөрүн арзан баада алса болот.

Шаардыктар жана калаа коноктору жаңы бышкан жашылча-жемиштерди төмөнкү даректерден ала алышат:

№1 жергиликтүү аймактык башкарма:

  • Дэн Сяопин проспектисинен Алыкулов, Абакан (түштүк тарабы) көчөлөрүнө чейин;
  • Алыкулов менен Астрахань көчөлөрүнүн кесилиши (кичи базар);
  • Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан "Боорукер" кичи базары (шлагбаум);
  • Кулиев көчөсүнөн Москва көчөсүнүн темир жол чийинине чейин;

№2 жергиликтүү аймактык башкарма:

  • Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилиши ("Жумушчу" кичи базарынын жанында);
  • Гагарин — Тимур Фрунзе (түндүк батыш тарабы);
  • Гагарин — Фергана (түндүк тарабы);
  • Гагарин — Репин (түндүк тарабы);
  • Айни — Муромск (түндүк тарабы);
  • Лев Толстой — Термечиков ("Пишпек" базарынын жанында);
  • Бакаев — Айни (түндүк тарабы);

№3 жергиликтүү аймактык башкарма;

  • Ашар — Өмүракунов (түндүк-чыгыш тарабы);
  • Ашар — Ахунбаев (түштүк-батыш тарабы);
  • Ай-Бике — Ала-Тоо (түндүк-батыш тарабы);
  • Тагай-Бий – Ак-Болпон (түштүк-чыгыш тарабы).

№4 жергиликтүү аймактык башкаруу. Көчөлөр:

  • Тыналиев — Жайыл Баатыр;
  • Тыналиев — Абдрахманов;
  • Шералиев — Жайыл Баатыр;
  • Чортеков — Жайыл Баатыр;
  • Чортеков — Күйүков;
  • Муромская — Чортеков;
  • Садырбаев — Миң-Куш.

№5 жергиликтүү аймактык башкаруу. Көчөлөр:

  • "Жал" кичи району 29 (Масалиев —Тыналиев, Масалиев —Курчатов, Ахунбаев — Безымянная);
  • Айни — Севастополь;
  • Бакаев — Айни;
  • Бакаев — Алтымышев;
  • Токтогул — Уметалиев;
  • Гагарин — Севастополь;
  • "Чоң-Арык" жергиликтүү аймактык башкаруу;
  • Садырбаев — Северный;
  • Кожобергенов — Северная (№ 200, 202-үйдүн жанында);

Мэрия кошумчалап кеткендей Ленин районунун аймагында жайгашкан бардык жарманкелер санитардык нормаларга жооп берип, сатуучулар соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү уруксат алышкан. Ошондой эле сапаттуу продукцияларды сатышмакчы.

Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы ар жума сайын чыккан "Канчадан" рубрикасынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0