Матвиенко: биз маңкурт болбошубуз керек

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВизит председателя Совета Федерации РФ В. Матвиенко в Японию
Визит председателя Совета Федерации РФ В. Матвиенко в Японию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федералдык кеңештин төрайымы эгер өз тарыхын унутуп, аны бурмалап жазууга уруксат берилсе улут менен эгемендүүлүктү жоготуп коюу мүмкүн деди.

ЧОЛПОН-АТА, 4-июл. — Sputnik. Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко "Шериктештиктин балдары" форумунда сүйлөп жатып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айткандарын мисал келтирди.

Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде КМШ мамлекеттеринин "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий жана билим берүү форуму өтүп жатат.

Матвиенко түрдүү улуттардын жалпы тарыхы, маданияты байыртадан бери бири-бирин толуктап келгенин айтты.

"Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматов айткандай "биз тегибизди билбеген маңкурт болбошубуз керек". Эгер өз тарыхыбызды унутуп, аны бурмалоого уруксат берсек анда улутту да эгемендүүлүктү да жоготкон болобуз", — деди ал.

Матвиенко андан сырткары "шериктештиктин балдарына" башка маданиятка жана динге болгон сый-урматты үйрөтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0