Матвиенко: Ысык-Көлдөгү балдардын форуму КМШ жаштарынын достугун чыңдайт

© Sputnik / Святослав Акимов / Медиабанкка өтүүСпуск на воду головного атомного ледокола проекта "Арктика" в Санкт-Петербурге
Спуск на воду головного атомного ледокола проекта Арктика в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн жээгинде КМШга мүчө мамлекеттердин балдары катышкан салтка айланган форум өтүп жатат.

ЫСЫК-КӨЛ, 4-июл. — Sputnik. Жыл сайын Ысык-Көлдө өтүп келген форум КМШдагы балдардын достугун сактоого өбөлгө болорун федералдык жыйындын төрайымы Валентина Матвиенко ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү - Sputnik Кыргызстан
Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү
Матвиенко Россия парламентинин жогорку палатасынын спикери гана эмес КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын төрайымы болуп саналат. Ал Кыргызстанга дүйшөмбү күнү келген жана "Шериктештик балдары" маданий-билим берүү форумунун алкагында уюштурула турган бир катар иш чараларга катышат.

Турсунбеков форумдун мааниси абдан чоң экенин белгилеп, өсүп келе жаткан муунга колдоо жана камкордук керек деп билдирди.

"Балдар биздин башкы байлыгыбыз. Форумду өткөрүү салтка айланып жатышына абдан кубанычтамын. Мунун бардыгы сиздин жана парламенттер аралык ассамблеянын колдоосу менен ишке ашууда. Ошондой эле сиздин келишиңиз Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн арттырууга жаңы дем берет", — деди Турсунбеков.

Матвиенко форум бешинчи жолу көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатканын айтты.

"Бул маанилүү окуя. Балдар достошуп, жалпы маданиятты, салтты түшүнүшү керек. Анткени алар келечекте мамлекет башкаруучулардан болот", — деди ал.

Матвиенко ошондой эле иш-чараны колдоого бардык күчүн жумшай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0