11:59 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген эки жаранга Израиль мамлекетинен келген туристтер майыптар коляскасын белекке беришти.

Куру кол келбеген туристтер: кочкорлук апа коляскалуу болду

© Фото / Kyrgyz Trips
Коом
Кыскача шилтеме алуу
7820

Кыргызстанга Израилден келген туристтер майыптык толук кандуу жашоого тоскоолдук кыла албастыгын далилдөөнү каалашат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген эки жаранга Израиль мамлекетинен келген туристтер майыптар коляскасын белекке беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Израилде иш алып барган "Kyrgyz Trips" туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Алекс Супинский билдирди.

"Мен бир нече жылдан бери Израилден Кыргызстанга туристтерди алып келүү менен алектенем. Бул жолкусунда мурда аскер кызматкерлери болуп иштеген майыптар тобун алып келдим. Алар куру кол келбей, муктаж болгон кыргызстандыктарга 10 даана коляска ала келишти. Кечээ Кочкор районуна барып, буту баспай калган апага жана жаш балага тапшырышты", — деди Супинский.

Ошентип, туристтер бүгүн өлкөнүн түштүк регионуна сапар алды. Алар Кыргызстандын керемет жаратылышын көрүү менен ошол аймактагы майыптарга ала келген белектерин тапшырмакчы.

Тема боюнча

Бишкекте муктаж болгондор үчүн социалдык дүкөн ачылды
Белгилер:
жардам, турист, коляска, майып, Алекс Супинский

ЭҢ МААНИЛҮҮ