Экологдор абанын булганышы адам өмүрүн канчага кыскартарын аныкташты

© AFP / WANG ZHAOСмог в Пекине
Смог в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары абанын түрдүү газдардан улам кирдеши коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири чоң талкууга алынып келүүдө.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бир кубометр абанын 10 микрограммы булганыч болсо, адамдын өмүрү орто эсеп менен 9-11 жылга кыскарат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Ecological Indicators журналына таянуу менен билдирди.

Акыркы жылдары абанын түрдүү газдардан улам кирдеши коомчулуктун көңүл чордонунда болуп,  адамдын ден соолугуна тийгизген таасири чоң талкууга алынып келүүдө. Бул маселе 2015-жылы дизель менен жүргөн Фольсваген чырынан кийин курч турат. Европа биримдиги да тийиштүү стандарттарды сактоо боюнча бирдиктүү жыйынтыкка келе албай жатат.

"Абагы ыргытылган түрдүү таштандылардын адамдын ден соолугуна канчалык таасир берерин түшүнүп, аны менен күрөшүү үчүн ыңгайлуу стратегияны иштеп чыгышыбыз керек", — деп Орхус университетинин окумуштуусу Микаэль Андерсон билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча жер шарындагы калктын 80 пайызы белгиленген чектен ашык кирдеген аба менен дем алат.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Окумуштуулар булганыч абанын ден соолукка тийгизген таасирин аныктоо үчүн акыркы 30-40 жыл ичинде топтолгон маалыматтарды анализдеген.

Алынган жыйынтык боюнча кир абанын адамзатка тийгизген таасирина анча көңүл бурулбай келген. Мисалы, абасы кирдеген аймакта жашаган киши 78 жашка чыгып каза болсо, ал таза абада жашагандарга салыштырмалуу 10 жыл өмүрүн жоготот. Башкача айтканда, бул адам таза абалуу аймакта жашаганда 88 жашка чыкмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0