Кыргыз өспүрүмдөрү Түркияда өткөн олимпиаданы багындырды

© Фото / Сайкал АсылбековаМеждународная олимпиада по ментальной арифметике в Турции
Международная олимпиада по ментальной арифметике в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык үч өспүрүм сынакта мыкты аталды

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстан Түркияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу "Академия роста" интеллектуалдык өнүгүү борборунан маалымдашты.

Олимпиадага Россия, Украина, Түркия, Казакстан, Болгария, Азербайжан жана Молдовадан 292 окуучу катышкан.

Вручения наград призерам республиканских олимпиад - Sputnik Кыргызстан
Республикалык олимпиадада алдыга чыккан Оштун окуучуларын облус жетекчиси сыйлады
Ал эми Кыргызстандын атынан Бишкек шаарынан 10 жаштагы Милана Максутова, Новопавловкадан 7 жаштагы Адилет Абакиров жана Таластан 9 жаштагы Айсезим Облусбекова барган. Алардын бардыгы өз курак категориясы боюнча биринчи орунду камсыздашты.

Менталдык арифметика — балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүчү жогорку эффективдүү программа. Анын негизги максаты — эс тутумду, логикалык ой жүгүртүүнү жакшыртуу болуп эсептелет.

Менталдык арифметика менен балдар төрт жаштан тарта алектене алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0