Ошто жоголгон 10 жашар кыз табылып, анын кайда жүргөнү айтылды

Жазылуу
Камила Нургазиева 3-июль күнү түшкү саат 12лер чамасында Ош шаарындагы Манас-Ата районунан табылган

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында эки күн мурун жоголгон 10 жашар Камила Нургазиева табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарында 10 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, изделип жаткандыгы тууралуу маалымдалган. Анда тестиер Алай районунун Корул айылынан шаарга конокко келип, андан соң көчөгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

"Камила бүгүн түшкү саат 12лер чамасында шаардын Манас-Ата районунан табылды. Кыздын өзүнүн айтымында, адашып кетип "Келечек" базарына барган. Ал жактан официант кыз менен таанышып, ошонун үйүндө түнөгөн. Эртеси башка аялдын үйүндө жаткан. Бирок көрсөтмөлөр ар түрдүү болуп жатат. Атасы учурда мал уурулук боюнча түрмөдө экен", — деди Сыдыков.

Маалым болгондой тестиер буга чейин да, 7 жашында үйүнөн качкан. Учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0