Көчөдө суусундук саткан кыздардын көңүлүн айныткан беш учур

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүИзраильская сеть Cofix открыла первую кофейню в Москве
Израильская сеть Cofix открыла первую кофейню в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын кыжырын келтирген учурлар рубрикасынын максаты - өлкөдөгү кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүндө суусундук саткан кыз-келиндердин кыжырын келтирген кардарлар тууралуу сөз кылабыз. Ысык күндө ачык асман алдында суусундук саткан адамдардын маанайын кандай көрүнүштөр чөгөрөөрүн сатуучу кыздардын бири айтып берди.

Гамбургер даярдап жаткан тез татым кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Тез татымда иштегендердин кыжырланткан 5 учур. "Түкүрүп салыш заматта"
Бой көтөргөн адамдар

Мен суусундук сатып иштеп жатканыма эки жыл болду. Бул мезгилде ар кыл кишилерди көрдүм. Алардын ичинен өзүн өзгөлөрдөн бийик сезгендер алыстан эле көрүнөт. Булар суусундук саткандарды адам катары эсептебейт. Жок, мен кардар менин көзүмдүн кареги менен айлансын дебейм. Жөн гана учурашып, анан "рахмат" деген сөзүн айтып койсо жетиштүү болмок.

Башты ооруткан ач көздөр

Буларга дайыма баары аздык кылат. Суусундук стакандан ашып төгүлөйүн деп жатса дагы аз куясыңар деп нааразы боло беришет. Эгер суусунуң канбай калса башты оорутпай дагы бирди сатып ал да…

Эсил кайран СССРди эстеп…

Бул кардарлар эчак өтүп кеткен Советтер союзун такыр унута алышпайт. Агезде тыйынга сатып алчу суусундуктардын баасы азыр асманга чыгып кеткенине ар дайым нааразы. Баарын түшүнүп турам, бирок бул рынок мыйзамы. Эгер суусундуктун баасы өтө эле кымбат десеңиз, жетекчиликке кайрылыңыз. Мен жөн гана сатуучумун.

Кыз жандуулар

Жашы элүүдөн өтүп калганына карабай, сатуучу кыздарга уйгактай жабышкысы келген байкелер күйгүзөт. Албетте, менин жумушум эл менен тил табышып, жумшак мамиле кылуумду талап кылат. Бирок, андай байкелер өзгөнү сыйлап, өзүн токтоо кармаса ашыкча болбос эле.

Портфельчен адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Юристтин көкөйүнө көк таштай тийген 7 учур
Атаандаштар

Суусундук сатуу менен алектенген башка фирмалардын таза атаандаштыктын ордуна тирешүүнү пайдаланганы жанды кейитет. Бир жолу атаандаш компаниянын кызматкери мен суусундук сатып жаткан жерге келип, кардарлардын көзүнчө "бул кыз станкандарга түкүрөт" деп айтканы эмиде. Ушул кантип болсун, кесиптештер?

Жаңылыктар түрмөгү
0