Мэрия: "Зеленстрой" дарактарды сугаруу үчүн кошумча суу бөлөт

Жазылуу
Жарандар дарактарды 18.00дөн эртең мененки саат 08.00гө чейин сургара алышат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы дарактарды арыктагы суу менен сугарууга чакырат. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматта дарактарды сугаруу үчүн арыктарга атайын суу берилип жатканы айтылат.

"Зеленстрой" ишканасы өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн кошумча суу бөлүүгө даяр. Андыктан бактарын сугарууну каалаган жарандар аталган ишканага кайрылса болот", — деп жазылат маалыматта.

Жарандар дарактарды 18.00дөн эртең мененки саат 08.00гө чейин сургара алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0