Ысык-Көлдө ажылык сапарга баруучулар эмдөөдөн өтүп бүтүштү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШприц даярдап жаткан дарыгер. Архив
Шприц даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы ажылык сапарга кыргызстандык 4585 адам бармакчы.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга баруучулар толугу менен эмдөөдөн өтүп бүтүштү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: ажылыкка аттанчулар Сауд Аравиянын мыйзамдарын үйрөнүүдө
Ажыларды эмдөө Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өткөрүлгөн.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажыларды каттоо боюнча Ысык-Көл облусундагы жоопту адиси Жунус Дүшековдун айтымында, эмдөө Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн тартипте уюштурулуп, алгач ажылардын ден соолуктары текшерилип, андан соң эмдөөдөн өтүшкөн.

Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.

Бул жылы ажылык сапарга кыргызстандык 4585 адам бармакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0