Дүйшөмбүдөн тарта Боом капчыгайында таштар кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ысык-Көл унаа жолундагы автоунаалар. Архив
Бишкек — Ысык-Көл унаа жолундагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулат

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 3-июлдан 16-июлга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун (131-чакырымы) Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

"Жолдо 30-40 унаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, Кайгуул милициясы тарабынан өткөрүлүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0