ИИМ: жергиликтүү кеңештин депутатынан экстремисттик материалдар табылды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. ИИМдин оперативдик кызматкерлери жергиликтүү депутаттын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдарды табышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ситуация в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
КМШда террорчулардын жалпы малыматтык базасын түзүү каралып жатат
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ш.М. аттуу тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө.

Тинтүү учурунда анын үйүнөн экстремистик маанайдагы материалдар табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-2 беренеси (экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0