Бишкек: ири дүкөндөрдөн жасалма акциз чапталган 1000дей бөтөлкө арак сатыктан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция по уничтожению Налоговой службой 700 литров алкоголя, изъятого из нелегального оборота
Акция по уничтожению Налоговой службой 700 литров алкоголя, изъятого из нелегального оборота - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шек жаратып акциздик маркадагы алкоголдук продукциялардын баасы 145,6 миң сомду түзгөн.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин бир катар азык-түлүк дүкөндөрүнө рейд жүргүзүп, контрафакттык жана шек жараткан алкоголдук продукцияларды текшерди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Бишкектин такси кызматтары рейдден өтөт
Рейддин жүрүшүндө "Глобус" гипермаркетинен 288, "Боорсок" гипермаркетинен 155, "Бишкек оптомаркет" гипермаркетинен 307, "Фрунзе" дүкөнүнөн 47, "Семь дней" дүкөнүнөн 16, "Народный" дүкөнүнөн 48 даана шек жараткан акциздик маркадагы алкоголдук продукция сатыктан алынган. Алардын жалпы саны 859ду түзүп, суммасы 145,6 миң сом болгон.

Алынган бөтөлкөлөрдүн 671и "Аю", 11и "Ак каз", экөө "Алби Прайм Компани", 154ү "КАТ" ишканаларына таандык экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0