Бишкекте биринчи жолу тамадалардын форуму өтөт

Жазылуу
Тамадалардын башын бириктирүүнү көздөгөн форум алып баруучулукту ар тараптан өнүктүрчү, жаңы идея жана дем берчү оюн-зооктор менен коштолот.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте той алып баруучуларынын алгачкы "Упай" форуму өтөрүн уюштуруучулардын бири Урмат Борченов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага алып баруучулук өнөргө жаңыдан аралашып келе жаткан жаштар жана чыгармачылык кризиске учурап жүргөн тамадалар катыша алат.

"Форумдун программасы ар тараптуу жана маңыздуу болуп иштелип чыкты. Мында келгендер мыкты алып баруучулардын мастер-класстарынан сырткары, ар кандай сынактарга катышып, өздөрүнүн толук мүмкүнчүлүктөрүн ача алат",— деди Борченов.

Кыргызстандын тамадаларынын башын бириктирүүнү көздөгөн форум алып баруучулукту ар тараптан өнүктүрчү, жаңы идея жана дем берчү оюн-зооктор менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0