Өрт өчүрүүчүлөр VEFA борборунан чыккан түтүндүн себебин аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. VEFA соода борборунан чыккан коюу түтүн токтоду. Окуянын себептери аныкталганын ӨКМден билдиришти.

Горький менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан түтүн чыгып жатканы боюнча кабар ӨКМге саат 16.52де келип түшкөн.

"Соода борборунун түтүн соруу системасын кебез аралашкан айнек күкүмдөрү жаап калып, күйүп баштаган. Өрт өчүрүүчүлөр аны алып салды", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Жабыр тарткандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0