Битир-садаганын эсебинен Ошто табигый кырсыктан жабыркаган 8 үй-бүлөгө там курулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият Аюу айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен жакындарын жоготкон 8 үй-бүлөгө 5 миң сомдон жана турак жайларынан ажыраган 73 кожолукка гуманитардык жардам тапшырды.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Орозо айында элден чогултулган битир-садаганын эсебинен Өзгөндөгү жана Чоң-Алайдагы табигый кырсыктардан жабыркаган 8 үй-бүлөгө турак жай тургузуп беришет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 29-июнда Максат ажы Токтомушев баштаган муфтияттын өкүлдөрү жана облус жетекчилиги кырсык чалган райондорго барып эл менен кезигишкен.

"Жолугушууда битир-садагадан түшкөн каражатка Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркаган төрт, Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн үйлөрү жарактан чыккан төрт үй-бүлөгө турак жай салып берүү убадаланды. Айылдыктар өздөрү кеңешип аз камыз болгон үй-бүлөлөрдү көрсөтөт. Бул үйлөр чыныгы муктаждарга салынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
Мындан сырткары, Аюу айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен жакындарын жоготкон 8 үй-бүлөгө 5 миң сомдон жана турак жайларынан ажыраган 73 кожолукка гуманитардык жардам тапшырылган.

Эскерте кетсек, май айында Чоң-Алайда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен 618 турак жай жарактан чыгып, айрымдары чатырларга көчүрүлгөн.

Өзгөндүн Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагындагы 61 түтүн жашаган айылда сүрүлүп жаткан жер көчкү 10-майга чейин 45 турак жайды жарактан чыгарган. Кырсык чалган айылдыктар чатырларга көчүп чыккан. Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0