Чолпон-Атада каза болгон милиционердин артында төрт баласы калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликтеги гвоздика гүлү. Архив
Эстеликтеги гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-июнда каза болгон милиция кызматкери органдарда 2008-жылдан бери иштеп жүргөн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кечээ унаа сүзүп кетип каза болгон милиция кызматкеринин артында төрт баласы калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба МВД КРМилиционер, погибший в результате автонаезда Нурмат Медеров
Милиционер, погибший в результате автонаезда Нурмат Медеров - Sputnik Кыргызстан
Милиционер, погибший в результате автонаезда Нурмат Медеров

Эске салсак, 28-июнда Чолпон-Атада Кайгуул милиция кызматкерин саат 16.35тер чамасында унаа койдуруп кетип, ал эсине келбеген бойдон ооруканадан каза болгон.

"Ысык-Көл ИИБдин Кайгуул милициясынын кызматкери Нурмат Медеров Григорьевка айылында 1981-жылдын 11-августунда туулган. Аскерде кызмат өтөп, 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган. Органда 2008-жылдан бери кызмат кылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, маркумдун артында төрт баласы калды. Балдарынын улуусу 11 жашта болсо, андан кийин сегиз жаштагы эгиз кыздары жана эки жаштагы уулу бар.

Маркумдун сөөгүн 30-июнь күнү жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0