Баткен: колу-буту байланган кескелдирик 2 миң сомдон сатылууда. Күбөнүн сүрөттөрү

© AFP / ANDREW YATESКескелдирик. Архив
Кескелдирик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтрамактарга жарыяланып кеткен маалыматты тийиштүү органдар иликтей турганын айтышты.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Баткендин Таян айылынын тургундары кескелдириктерди кармап сатып жатканын Нуржан Алымканова аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, жандык эки миң сомго бааланып келет.

"Сүрөттү туристтер жөнөтүптүр. Эмне кылуу керек? Абалды жөнгө салса болобу?" — деп суроо салат Алымканова.

Сүрөттө жандыктын зым менен колу-буттары байланып, таякка илинип турганын көрүүгө болот.

Бишкектеги Арзу ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган - Sputnik Кыргызстан
"Арзу" ресторанынан аркарлардын катырылган кеби табылды
Ал эми Айлана-чүйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуяны тыкыр териштирип, тийиштүү чаралар көрүлөрүн убадалады.

"Биз бул маалыматты текшеребиз. Буга чейин аркар-кулжаларды, ак илбирсти өлтүргөн учурлар кездешкен. Бирок бул көрүнүш да мени тынчсыздандырууда", — деди ал.

Боз кескелдирик Борбордук Азия, Азербайжан, Пакистан, Түркия, Иран жана Афганистанды байырлап, Кыргызстандын Фергана өрөөнүндө кездешет. ХХ кылымдын 30-40-жылдарында боз кескелдириктин териси галантереялык өнөр жайда кеңири колдонулуп келген. Бул жандыктын кескин азайышын, айрым жерде таптакыр тукум курут болушун шарттаган. Кыргызстанда боз кескелдирик Кызыл китепке киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0