Радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 16 млн. доллар жумшалат

© Sputnik / Табылды КадырбековРадиоактивдүү калдык сактоочу жай. Архив
Радиоактивдүү калдык сактоочу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселени камтыган келишимди Жогорку Кеңештин тармактык комитети үчүнчү окууда жактырды.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 16 миллион доллар жумшалат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Установка статора генератора на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагын оңдоого 400 миӊ доллар грант бөлөт
Ага ылайык, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимди ратификациялады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын аймагында 28 радиоактивдүү калдык сактоочу жай, 25 радиоактивдүү тоо тектеринин жыйындысы бар.

Алардын жалпы көлөмү 12 миллион куб метрди түзөт. Ошондон улам атайын фонддо топтолгон 16 миллион доллар ошол жайларды калыбына келтирүү багытында жумшалат.

Белгилей кетсек, оӊдоло турган объектилердин тизмеси келишим ратификациялангандан кийин такталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0