Наалыбачы! Мунуң чарчап калса дагы төрөп аласың... Бишкектик ыктыярчынын баяны

Жазылуу
Интернеттеги кайрымдуулукту жамынган көз боемочуларды кантип аныктоо керек? Социалдык дүкөн деген эмне? Булар тууралуу бишкектик ыктыярчы менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова маек курду.

"Руки добра" коомдук фондусунун жетекчиси Алена Конореваны алгач редакцияга өтүнүч менен кайрылганында көргөн элек. Инсульт болуп, комага түшүп калган аял тууралуу чагылдырууну суранган. Ал аял баш сөөгүнө жасалган операциядан кийин да өзүнө келе албай, эсине келбеген абалда үйүнө чыгарылган. Эки баланын энесинин жашап кетеринен үмүт үзүлөйүн деп калган…

© Sputnik / Светлана ФедотоваГлава общественного фонда "Руки добра" Алена Конорева
Глава общественного фонда Руки добра Алена Конорева - Sputnik Кыргызстан
Глава общественного фонда "Руки добра" Алена Конорева

— Сизге көбүнчө кимдер кандай жардам сурап кайрылышат?

— Ар кандай адамдар келет. Ар кыл тагдырлары бар. Адегенде социалдык борборлорго кайрылышат, алар биздин фондуга жөнөтүшөт. Аларга медициналык жардам гана эмес, психологиялык да, албетте, материалдык да көмөк талап кылынат. Кай бирине курсагын тойгузганга тамак гана зарылболсо, ал эми кээси майыптык коляскага муктаж.

Жаңыдан аралашканыбызда ишибиз мынчалык тереңдеп кетерин билбеппиз. Баары жаштар кыймылынан башталды — курбуларым менен балдар үйлөрүн кыдырып, таттуу-паттуу же балдарга жалаяк жеткирчүбүз. Ошентип жүрүп, дароо байкалбаган көйгөйлөр көзүбүзгө уруна баштады.

Акча алып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Баласын көөмп жатып да акча алганга дааган ата-эне. Ооруган бөбөктү алдаган азезилдер
Азыркы тапта биз баарын жасайбыз – кийиндиребиз, курсактарын тойгузабыз, баш калкалоого жай таап, ишке орноштурабыз.

Балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккандар кайда барарын билишпейт, алар да мага чалып: "Алена эже, жардам бериңиз!" – дешет. Ушул чакта эки кыз, бир баланы багып жатабыз. Кыздарга ижарага үй алып бергенбиз, жигит болсо карылар үйүндө иштеп, карыяларга кам көрүп келет.

Муктаж адамдар көбүнесе социалдык дүкөнгө баш багышат. Акысыз тамак-аш алышат, аларды андан ары жайгаштыруу жана көмөк көрсөтүүгө аракет кылабыз.

— Социалдык дүкөн туурасында кеп кылсаңыз…

— Муктаж адамдар үчүн уюштурулган дүкөн. Ар бейшемби ачык, бул күнү кимдер гана келбейт дейсиз…

Бекер азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек таратабыз. Социалдык желеде жардам чогултуп жатканыбызды жарыялайбыз, мекеме-ишканаларга көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнүп кайрылабыз, бир жумада баарын чогултуп, кем-карчы болсо, өзүбүз сатып алабыз. Үй, квартал комитеттери менен иштешебиз, кимге кол сунуп жатканыбызды тактап билебиз. Беш киши бир майыптык жөлөкпулга күн кечирген үй-бүлөлөр бар, арзыбаган тыйын-тыпырга жакындарын кантип тойгузат? Тогуз бала тарбиялаган жалгыз бой энелер бар. Ымыркайларын багып, иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү да жок. Бул долбоорго кол суна турган адамдарга дайым эшигибиз ачык. Биргеликте көп иш аткара аларыбыз анык эмеспи.

Бирок азыр бир көйгөй жаралды. "Дорога перемен" ("Өзгөрүштөргө жол" — ред.) фондунун кеңсесин ижарага алчу элек, августка чейин бул жайды бошотууга аргасызбыз.

— Кайрымдуулук менен алектенген адамдар мен билгенден башынан өткөргөн оор окуялардан соң бул ишке чыйыр салышкан. Сиздин учурдун учугу кандай уланган?

— Чүрпөмдөн ажырап калганымда жолдошум экөөбүз бала асырап алууну чечтик. Бирок жыл айланбай Милана аттуу кыздуу болдук. Кийин күйөөм менен ажырашып, эки башка жолго түштүк. Кайрымдуулук иштерине баш-отум менен кириштим. Азыр өз жанымды, кыздарымды бага ала тургандай негизги ишим бар, ал эми фонду жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.

— Университеттеги бир учур эсиме түштү. Группалаштарым кайрымдуулук концертин уюштуруп, оорудан азап чеккен балага 80 миң чогултуп беришкен. Көп акча болбосо да 17 жаштагы балдар үчүн бул чоң иш эле. Бирок жыйынтыгында ал наристенин туугандары группалаштарымды акчаны кымырып алдыңар деп айыптап, милиция менен коркутушкан. Жакшы ниет менен иш жасаган балдар ал концерттен бир да тыйын алышкан эмес. Мындай учурга кабылган жок белеңиз?

Ыктыярчы Айгерим Тургунбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы: уулунун туулган күнүнө бараткан атасын жолдон мууздап кетишти
— Бардар үй-бүлөдөн чыккам, жакшы турчубуз. Муктаждарга кол сунуу бизге адат болуп калган башынан. Турмушка чыкканымда да ушундай болчу – мурдагы жолдошум мусулман, жардамга муктаж адамдарга орозо маалында гана эмес, дайым көмөк көрсөтөр элек. Үйлөргө муздаткыч, зарыл болсо, башка тиричилик техникасын алып берчүбүз. Жакшы тапчубуз, кайрымдуулукка акча аячу эмеспиз.

Бир ирет ыктыярчылар кандай турарымды көрүп, ата-энеме үй менен машинени кайрымдуулуктан түшкөн акчага сатып бердиң дешкен.  Бирок биз жардамды эч качан акчалай албайбыз. Кимдир бирөө зарыгып турса, ага жардамга акча которуу үчүн ачылган эсеп боюнча маалыматтарды жайылтабыз.

— Бүгүнкү күндө социалдык желеде кайрымдуулукка үндөгөн жарыялар аябай көп, көз боемочуларды кантип айырмалайбыз?

— Мындайларга да кабылдык. Бир нече жыл бою бир үй-бүлөгө кам көрүп келе жатканбыз. Баласынын дарты жөн оорулардан эмес эле. Бактыга жараша, аягы жакшы бүттү.

Жыл өтпөй Facebook желесинде ошол бала боюнча маалымат, коюлган диагнозу жарыяланып, бирок башка банк эсептери көрсөтүлүптүр. Ал баракчага жаздык, телефон чалдык, көрбөмүш-укпамыш болушту. Бир топ күндөн кийин ал жарыяны өчүрүп салышты. Социалдык желеде мындай жардам боюнча жарыяларды көргөндө адамдар абдан кылдат болуулары зарыл.

Кыйын кырдаалга кабылгандарга чындап кол сунууну каалагандар болсо, жазылган реквизиттерге акча которуудан мурун маалыматтын чын-жалганын текшерип, жарыяланган документтердин аныгын аныктоо абзел.

— Фондунун мынча жылдык ишинде окурмандар менен бөлүшүүгө арзыган окуялар көп чыгар…

Республикалык күйүк борборунун коридорундагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Оорудан онтогон үндөр жаңырат... Республикалык күйүк борборунан репортаж
— Азыркы тапта камкордугубузга алынгандардын саны 200дүн тегерегинде. Ыктыярчылар тобу жеринде шарттарды текшеришет, анан жардам берүү жолдорун издей башташат.

Врачтар баш тарткан балдар да болгон. Энелерине: "Эмнеге ыйлактайсыңар, эмнеге акча коротосуңар. Айыкпаса башкасын төрөп аласыңар", – деп койгондору да жок эмес. Ошондой балдардын операциясына тыйындап чогултуп жүрүп бутуна тургуздук, жашап кетишти.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан жапа чеккен Дана аттуу кыздан көпчүлүк кабардар, азыр анын саламаттыгында жакшы жылыштар бар. Таежесин сактай алышпады, бирок, ымыркайды сактап калууга үмүтүбүз чоң. Бир жарым айдан бери эсине келе элек, ал эми врачтар үч күндүк өмүрү бар экенин айтышкан эле. Бөбөк эсине келбесе да, азыр манжаларын бир аз кыймылдатып калды.

Кызыл-арыктык (Красная речка) Наталья Сафонованын да аягы жакшы бүткөн окуясы бар. Анын үйүнө барып. алгачкы абалын көргөндө эмне кыларыбызды билбей калганбыз.

Тамекинин жыты сиңген кичинекей бөлмөсүндө анын денеси, сөздүн ачыгы, чирип бараткандай эле. Мындан бир топ жыл мурда бир бутун кесишкен экен, колунда кичинекей чүрпөсү бар. Кантип анан анын тагдырына кол шилтеп кое аласың?

— Кандай жардам бере алдыңыздар?

Люди с транспозицией органов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү оң тарабында жайгашкан Шахнозанын үй-бүлөлүк очогу бузулду
— Аны алып ооруканаларды кыдырдык, бир тобуна күчтөп эле кирдик, бирок баарынан бизди кубалап чыгышты. Анан министрге кирип жатып, араң дегенде ириң бөлүмүнө жаткырдык. Жолун таптык. Бирок кеп башкада эле – ал аял өмүрүнөн түңүлүп калган. Жашоону каалабаса, жардамыбыз текке кетмек. Наталья элүүгө да толо элек, бирок жашоодон кечкиси келген абалга жетиптир. Аны менен көп иштеп, көндүрүүгө көпкө чейин аракет кылдык. Соңунда кандай жыйынтык чыкты дебейсизби? Мага телефон чалып, орозо бүткөндө токоч жасап жатарын, ал үчүн керектелчү ун-майларды алып келип берүүбүздү өтүндү.

Мындай натыйжа үчүн баары арзыйт эмеспи.

— Окурмандардан фондуңузга, сиздер кам көргөн адамдарга жардам бергиси келгендер табылса, каражатты кайда которуп, буюмдарын кай жакка жеткирсе болот?

— Көз боемочулардай көрүп, куру жалаа жабышпасын деп биз накталай кабыл албайбыз. Эгер бизге 100 литр сүт керек болсо, сүт ферма менен сүйлөшөбүз, медициналык мекемелер же башка уюмдар менен да ушундай эле жол менен иштешебиз.

Түздөн түз байланышкандары оң, биз социалдык желеде 24 саат, 7 күн иштейбиз, кызматташууга дайым ачыкпыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0