Ысык-Көлдө жолчулар интернет зымдарын жабыркатты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания жолчуларды жер казуу иштерин макулдашуунун негизинде аткарууга чакырат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кытайдын "Лон Хай" компаниясынын жумушчулары "Кыргызтелеком" ишканасынын Ысык-Көлдөгү байланыш зымдарын жабыркатканын аталган мекеме билдирди.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар интернет аркылуу пайдаланчу 6 кызмат
Маалыматка ылайык, подрядчы компаниянын кызматкерлери "Кыргызтелекомдун" өкүлдөрүн күтпөстөн зымдар төшөлгөн жерде казуу иштерин баштап жиберишкен.

Мындан улам кыргызстандык компания кытай ишканасынан телекоммуникациялык түйүндөрүнүн жабыркашынан улам компенсация өндүрүүгө ниеттенип жатат. Учурда байланыш калыбына келип, интернет кадимкисиндей иштеп жатат.

"Кыргызтелеком" ААК байланыш зымдары компаниянын менчиги экенин эскертип, курулуш компанияларын макулдашуусуз казуу иштерин аткарбай турууга чакырат.

Эгер көчөлөрдө же үйлөрдүн подъезддеринде кабель зымдарынын жабыркаганын байкагандар болсо компания (0312) 60-11-63, (0312) 66-28-28 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0