Депутат Жамангулов КМШнын Жаштар парламенти ассамблеясынын координатору болду

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги 9-сессиясы болду.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов КМШ мамлекеттеринин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын координатору болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Ала-Тоо аянтына асмандан корунуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туристтерди өзүнө тарткан КМШдагы шаарлар аныкталды. Эң арзаны Бишкек болду
Ага ылайык, аталган ассамблеянын кезектеги 9-сессиясы Чолпон-Ата шаарында өттү.

Жаш парламентарийлердин эл аралык иш-чарасына Азербайжан, Армения, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикистан жана Кыргызстандын депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук тууралуу маселелер талкууга алынды. Анын жүрүшүндө Жамангулов координатор болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0