Республикалык олимпиадада алдыга чыккан Оштун окуучуларын облус жетекчиси сыйлады

© Фото / Жумамидин СулайманкуловВручения наград призерам республиканских олимпиад
Вручения наград призерам республиканских олимпиад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык олимпиадага Оштон 35 окуучу катышып алардын сегизи алдыңкы орундарды ээледи.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиадада Ош облусунун сегиз окуучусу алдыңкы орундарды ээледи. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ильяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
АКШдан "Гений" болуп кайткан окуучуларды мекенинде өзгөчө шаң менен тосуп алышты
Билдирмеге ылайык, республикалык олимпиадага Оштон 35 окуучу катышып, үчөө биринчи, бирөө экинчи, төртөө үчүнчү орунга ээ болгон.

Алдыңкы орундарды камсыздаган окуучуларды бүгүн, 27-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып ардак грамота жана акчалай сыйлактарды тапшырды.

Ошондой эле ал үч окуучунун биринчи орунду алышы облустун көп жылдык рекордун жаңылаганын белгилеп, ыраазычылык билдирүү менен бирге аларды ар дайым колдоого алууну убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0