30 жаштан кийин өрт алган кыргызстандыктар

© Sputnik / Табылды КадырбековПланшет кармап турган адамдын архивдик сүрөтү
Планшет кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине 30 жаштагы Дастан Догоев дайындалды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 30 жаштан кийин ити чөп жей баштаган кыргызстандык жаштарды сунуштайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев
Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев

Дастан Догоев Лондондун Кавендиш колледжинде, Кингстонск университетинде билим алып, Финансы министрлигинде иштеген. Андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Жийдеш Идирисова

32 жаштагы Жийдеш Идирисова эки жыл мурда Эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү аталып, учурдагы популярдуу ырчылардын сап башында. Ырчы буга чейин тар чөйрөдө гана ырдап келген.

© Фото / предоставлено Министерством юстиции КРЮстиция министри Уран Ахметов
Министр юстиции Кыргызской Республики Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Уран Ахметов

37 жаштагы Уран Ахметов 2016-жылдын ноябрь айында Юстиция министри болуп дайындалган. Ал Кыргызстан Эл аралык университетинде жана Японияда билим алып, юриспруденция тармагында эмгектенип келген. Учурда ал өкмөттөгү эң жаш министр.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы Кайрат Примбердиев
Певец Кайрат Примбердиев  - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев

32 жаштагы Кайрат Примбердиев эки жыл мурда чыгармачылыгы өрт алып Россиянын сахнасында ийгиликтерди багындырып, акырындан КМШга таанылып келе жатат. Кайрат деген ысым кыргыз шоу бизнесинде 2005-жылы пайда болгон.

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовБашкы прокурор Индира Жолдубаева
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор Индира Жолдубаева

37 жаштагы Индира Жолдубаева 2015-жылдын 29-январында Баш прокурор болуп дайындалган. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, юридика тармагында эмгектенип келген.

© Фото / предоставлено Федерацией Футбола КРБелгилүү опера ырчысы Марат Ибраев
Известный тенор КР Марат Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү опера ырчысы Марат Ибраев

Белгилүү опера ырчысы Марат Ибраев карьерасын отуз жашында баштап, 38 жашында вокалдык чеберчиликти үйрөнүп, кийин Италиядан билимин тереңдеткен. Учурда 48 жашта.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтилист-дизайнер, визажист Замира Молдошева
Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Стилист-дизайнер, визажист Замира Молдошева

45 жаштагы белгилүү стилист-дизайнер, визажист Замира Молдошева карьерасын 2005-жылдан тарта ийгиликтүү улантып келет. Ал мезгилде кыргыз шоу-бизнесинин орто мууну калыптанып, Молдошева бир топ чыгармачыл адамдарга стилист-дизайнер катары жардам көрсөткөн.

31 жаштагы Нурбек Айбашов учурда популярдуу болгон "Апамды издеп" тасмасынын продюсери. Жаш продюсер буга чейин"Салам, Нью-Йорк!" тасмасын тарткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Аида Салянова
Депутат Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Аида Салянова

Жогорку Кеңештин 44 жаштагы депутаты Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри, бир жылдан кийин Баш прокурор болуп дайындалган. Салянова жогорку окуу жайларында окутуучу катары эмгектенип, бара-бара мамлекеттик жумуштарга олуттуу кирише баштаган.

© SputnikКелиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова
Участница из Кыргызтана на конкурсе красоты Missis Top of the World – 2016 Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Келиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова

41 жаштагы Наргиза Осмонова келиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык сынактардын жеңүүчүсү. Үч жыл мурун Америкадагы "Дүйнө ханышасы" сынагына катышып, биринчи орунду ээлесе, Кытайдагы "Аалам айымы — 2016" сынагынан "Ишкер айым" наамына татыган. Индияда өткөн "Missis Top of the World – 2016" сынагынан бешинчи орунду багындырган. Наргиза айым сынактарга катышып, чыгармачылыкка аралашып ырдаганга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

© Азамат Жаналиев"Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев
Путешественник из Кыргызстана Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан
"Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев

31 жаштагы Азамат Жаналиев бир жыл мурда мык менен жиптен сүрөт тартуу өнөрүн колго алып, ата мекендик белгилүү адамдардан тарта дүйнөлүк лидерлерге чейин портреттерин түшүргөн. Жаналиев "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0