Бишкекте салык төлөбөгөн автоунаа жана таксилерге рейд жүргүзүлөт

Жазылуу
Жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейд учурунда 300 автоунаа текшерүүдөн өткөн.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте транспорт салыктарын жыйноо боюнча рейд өткөрүлөрүн шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, рейддин жүрүшүндө 2016-жылы салык төлөбөгөн автоунаалар жана таксилер текшерилет.

"Жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейддерде 300 автоунаа текшерүүдөн өткөн. Анда автоунааларга 58 акт түзүлүп, төлөнбөгөн салыктардын суммасы 165 миң сомду түзгөн. Ал эми жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн алынган патенттер боюнча 68 акт түзүлүп, суммасы 300 миң сомго жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыймылдуу мүлк үчүн салык төлөөчүлөргө төлөм мөөнөттөрү туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

КРдин Салык кодексинин жоболоруна ылайык кыймылдуу мүлккө салык төлөө мөөнөтү 4 топ менен 1-сентябрга чейин төлөнүүсү шарт. Эреже бузган юридикалык тараптарга 5000, жеке тараптарга 2000 сом административдик айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0