Ажыга барчуларды эмдөө башталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ажыга бара тургандар бүгүнтөн тарта гриппке жана менингитке каршы эмдөө алып баштайт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

"Эмдөө иштери Бишкек шаарындагы жана облустун борборлорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Анда бардык медициналык борборлордо грипп менен менингитке каршы вакциналар жетиштүү экендиги кабарланган.

Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.

Бул жылы ажылык сапарга кыргызстандык 4585 адам бармакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0