Өлкөнүн айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат. Тизме

© AFP / DAMIEN MEYERГазды жандырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Газды жандырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам болууда.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы магистралдык газ түтүгүн куруу иштери - Sputnik Кыргызстан
Газ түтүктөрүн ширетүү иштери. Курулуш учурунда тартылган сүрөттөр
Көгүлтүр от берүү 26-июндан 7-июлга чейин Чүй облусунун Новопавловка айылынын "Ала-Тоо" жаңы конушунда, 27-июнь күнү Люксембург айылынын борбордук көчөсүнүн 2-18, Ленин айылынын Алма-Ата көчөсүнүн 103-181а үйлөрүндө жана Кант шаарынын Куйбышев, Калинин көчөлөрүндө, Белинский, Курулуш, Интернационал өтмөктөрүндө токтотулат.

Ал эми 28-29-июнга чейин Кант шаарынын Түлөбердиев, Мир, Дачный, Октябрь, Киев, Кызыл-Армия, Орозов, Рысалиев, Күрөңкеев, Жеңиш, Безымянный, Матросов көчөлөрүндө жана Дорожный өтмөгүндө да көгүлтүр от берилбейт.

28-29-июнга чейин газ Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Түндүк, Кыргыз, Завод көчөлөрүндө да өчөт.

Мындай аракеттер газ куурларын оңдоо иштеринен улам болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0