Катуу шамал чатырын учуруп кеткен Бишкектеги кан борбору жардамга муктаж

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРБишкектеги кан борборунун чатырын катуу шамал учуруп кетти
Бишкектеги кан борборунун чатырын катуу шамал учуруп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордун директору чыгымдын көлөмүн эсептөө жана имараттын чатырын кайрадан оңдоп-түздөө иштери башталгандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кечээги катуу шамал Республикалык кан борборунун өндүрүш имаратанын чатырын учуруп кетти. Учурда тез арада калыбына келтирүү иштери башталды, жардам берем дегендерден баш тартпайбыз. Бул туурасында Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРКечээги катуу шамал Республикалык кан борборунун өндүрүш имаратанын чатырын учуруп кетти
Сильный ветер в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кечээги катуу шамал Республикалык кан борборунун өндүрүш имаратанын чатырын учуруп кетти

"Бул имаратта 100гө чукул адам иштеп, канга кошуу үчүн алынган табигый суюктуктар дарядалат. Учурда канды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды", — деп билдирген Карабаев.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРУчурда тез арада калыбына келтирүү иштери башталды
Сильный ветер в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Учурда тез арада калыбына келтирүү иштери башталды

Директор буга кошумча чыгымдын көлөмүн эсептөө жана аны кайрадан оңдоп-түздөө иштери башталгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарында катуу шамал катталып, бир нече дарактар кулап, адам өмүрүнө коркунуч жаратып, бир катарлары ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0